Англистер эң көп Муглага кызыгышат

2, 5 миллионго жакын англис туристтин үчтөн бир бөлүгү эс алуу үчүн Мугланын көрүнүктүү туризм борбору Бодрум, Мармарис, Фетхие жана жакындарын тандашты.

882816
Англистер эң көп Муглага кызыгышат

Түркияга өткөн жылы келген 2, 5 миллионго жакын англис туристтин үчтөн бир бөлүгү эс алуу үчүн Мугланын көрүнүктүү туризм борбору Бодрум, Мармарис, Фетхие жана жакындарын тандашты.

Табигый кооздугу менен бирге жогорку деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрү менен көп сандаган чет элдик туристти тосуп алган Мугла өзгөчө акыркы 10 жылда англис туристтер эң көп тандаган эс алуу борбору болду.

Облустук маданият жана туризм директордугунун маалыматына ылайык өлкө масштабында каралганда Муглага келген туристтердин арасында англистер биринчи орунду алды. Англистерден кийин кезеги менен Орусия, Германия, Украина жана Голландия жарандары келди.

2017 -  жылы шаарга келген англис турист саны 768 миң 878 болду. Англистер 2018 – жыл үчүн резервация кылууда да биринчи болду.

Түркия саякат агенттиктери биримдиги ТУРСАБ Бодрум  иш алып баруу кеңешинин төрагасы Севинч Гөкбел англис туристтердин өзгөчө Мугла жана райондорун тандашкандарын белгиледи.

Тур операторлорунун берген отчетунда 2018 -  жылы көлөмүн эки эсеге чыгарышарын айтышкандарын белгилеген Гөкбел  Британиядан жасалган эрте резервациялар менен аймакка келген турист санында мурунку жылга караганда дагы чоң артуунун болорун ойлошкондорун айтты.



Тектеш кабарлар