S – 400 үчүн орус делегациясы келет
Эрдоган Орусиядан алына турган S – 400 ракеталары тууралуу теманын абдан жакшы жерге келгендигин айтты.
S – 400 абадан коргонуу системалары үчүн орус делегациясы бүгүн келет. Африкадан кайтышында учакта журналисттерге маалымат берген президент Эрдоган Орусиядан алына турган S – 400 ракеталары тууралуу теманын абдан жакшы жерге келгендигин айтты.
Эрдоган : «Коргонуу өнөр жайында S – 400 төрттөр тууралуу кадам таштадык. Кредит келишими тууралуу бүгүн жума күнү Анкарага келишет жана кредит тууралуу кол коюлат»,- деди. Түркиянын кредитти доллар менен албай тургандыгын белгилеген Эрдоган : «Рубль менен карыз алабыз. Казынанын карыз болушунан дагы арзан карыз алуу болот»,- деди. Эрдоган доллардын тышында акча биримдиги менен соода кылуунун чоң пайдасы болорун баса белгилеп : «Башка өлкөлөр менен да жергиликтүү жана улуттук акчалар менен карыз алууну каалар элем»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.