ПКК террористтерине карай жүргүзүлгөн операциялар...

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү маалыматына караганда Ирактын түндүгүндө орун алган ПККга таандык буталарды байкоо уланууда.

876543
ПКК террористтерине карай жүргүзүлгөн операциялар...

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Метина, Гара жана Авашин-Басян аймактарында, чек ара тилкесиндеги коопсуздук жайы жана база аймактарына кол салуу даярдыгын кылгандары белгиленген жикчил террор уюму ПККнын мүчөлөрүнө карай абадан жүргүзүлгөн операциясында 17 террорист жок кылынды.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү маалыматына караганда Ирактын түндүгүндө орун алган ПККга таандык буталарды байкоо уланууда.

Чалгындоо жана байкоо аппараттары менен Ирактын түндүгүндөгү Метина, Гара жана Авашин-Басян аймактарында, чек ара тилкесиндеги коопсуздук жайы жана база аймактарына кол салуу даярдыгын кылган террор уюмунун мүчөлөрү белгиленди.

Ушул боюнча абадан жүргүзүлгөн операцияда куралчан 17 террорист жок кылынып, ПКК террористтери тарабынан колдонулган баш калкалоочу жай жана үңкүрлөрү талкаланды.

Операцияга катышкан учактар коопсуз түрдө базаларына кайтышты.



Тектеш кабарлар