Чад ФЕТӨнү террордук уюм тизмесине кошту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Африка турунун экинчи аялдамасы Чадда маанилүү маалыматтарды берди.

876661
Чад ФЕТӨнү террордук уюм тизмесине кошту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Африка турунун экинчи аялдамасы Чадда...

Расмий салтанат менен тосулган президент Эрдоган, Чад Республикасынын Президенти Идрис Деби менен Президенттик сарайында бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөргөн соң, биргелеше маалымат жыйын уюштурушту.

Чадга баргандан тартып өзүнө жана делегациясына көрсөткөн меймандостугунан улам кесиптеши Дебиге ырахматын айткан Эрдоган, Чадга барган алгачкы Түркия Республикасынын Президенти болгондугу үчүн да сыймыктанганын айтты.

Чад өлкөсүнө маани бергендерин билдирген Эрдоган: «Биз, өзүбүздү Африканын болгону сыяктуу Чаддын да тагдырлашы катары көрөбүз. Эки тараптуу урмат-сый жана теңдикке таянган «сен да тап мен да табайын» негизине карата узун мөөнөттүү кызматаштык кылууну каалайбыз»,-деп айтты.

Делегациясында кеңири ишкерлер тобу орун алганына да токтолгон Эрдоган, Чад менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмүнүн 41-42 миллион доллардай экенин белгилеп, «Муну ылдам түрдө арттырышыбыз керек»,-деди.

Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүгө да токтолгон Эрдоган, Чаддын президенти Дебиге ФЕТӨнү Чаддын да «террордук уюму» деп жарыялоосунан улам өзү жана улутунун атынан ыраазычылыгын билдирди.

Чадда орун алган ФЕТӨгө байланышы болгон мектептердин толугунун Маариф фондуна өткөрүлгөнүн белгилеген Эрдоган, Түркиянын да Чадды террор менен күрөшүүсүндө ар дайым колдой турганын баса белгиледи.

Президент Эрдоган, Кудус темасында болсо, «Аймагыбызда тынчтык жана ырааттулук үчүн 1967-жылдагы чек араларынын ичинде борбор шаары Кудус болгон көз карандысыз жана эгемендүү  Палестина мамлекетинин түзүлүшү эбегейсиз жол болот. Бул үчүн болгон күчүбүз менен иштөөбүздү улантабыз»,-деди.

Эрдоган, террор менен биргелешип күрөшүү күчүн түзүү үчүн G5 демилгесин колдогондорун белгилеп, G5 биргелешкен күчүнүн жээктеги терроризм жана уюшкан кылмыштар менен күрөшүүдө пайдалуу боло турганына ишенгенин айтты.

Чаддын президенти Идрис Деби да маалымат жыйында, Маариф фондунун чаддыктардын билим алуусуна салым кошо турганына көңүл буруп, «Эми мектептерибиз террористтердин колунда эмес, ишеничтүү кишилердин колунда жана балдарыбыз жакшы шарттарда билим алууларын улантат. Балдарыбыз эми террористтердин колунда сабак алышпайт»,-деди.

Эки өлкөнүн ортосунда бир топ келишимге кол коюлганына көңүл бурган Деби: «Бул келишимдердин көптүгү да эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын канчалык тыгыз экенин дагы бир жолу бизге көрсөтүүдө»,-деген серебин салды.

Түркиянын тарыхта адамзат жана мусулман коомчулуктардын атынан маанилүү роль ойногон абдан маанилүү өлкө экенин белгилеген Деби, Түркиянын Европа, Азия жана Араб дүйнөсүнүн ортосунда көпүрө милдетин аткарганын жана ошол эле убакта Чад дагы арасында болгон сахел өлкөлөрү менен жакын кызматташтыгы болгонун айтты.

Деби, терроризмге каршы күрөштүн абдан маанилүү болгонун белгилеп, «Биз өткөргөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында терроризм менен күрөшүү темасында да кызматташтык кылуу чечимин чыгардык»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар