Адилетсиз токтомго жол берген жокпуз

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Тунистик кесиптеши менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

877066
Адилетсиз токтомго жол берген жокпуз
erdogan-es-sibsi.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Африка турунун акыркы аялдамасы Тунисте...

Эрдоган Президенттик сарайында Тунистин президенти Эль-Баси Кайд-эс-Сибси тарабынан салтанатуу азем менен тосулду.

Президент Эрдоган жана Тунистик кесиптеши менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

Эрдоган менен Эс-Сибсинин карамагында эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык келишимдерине кол коюлду.

Президент Эрдоган маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштарды жана өзгөчө аймактын маселелерин карап чыккандарын белгилеп, кызматташуусун дагы да өнүктүрүүнү каалагандарын айтты.

Эки өлкөнүн ортосунда сооданын тең салмактуу түрдө арттырылышы темасында макулдашкандарын белгилеген Эрдоган: «Тунистин тынчтыгын, ыраттуулугун, экономикалык жактан өсүүсүн өзүбүздүкүнөн бөлүп карабайбыз. Тунистин өнүгүүсү Түркиянын өнүгүүсү дегеди берет. Жеке менчик секторубузду Туниске инвестиция салууга шыктандырабыз»,-деди.

Түркиянын Тунистин террор менен күрөшүүсүнө толук колдоо көрсөткөнүн жана көрсөтүүсүн да уланта турганын баса белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын Тунис менен уланган кызматташтыгын өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.

Эрдоган, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосунан улам Тунистин органдарына ыраазы экенин билдирди.

Эки өлкөнүн ортосунда Кудустан баштап бир топ маселеде колдошууну уланткандарын белгилеген Эрдоган, АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп таануу токтому тууралуу жаңылыш кадамынын БУУнун Башкы Ассамблеясынан кантип кайра кайтканын эске салды.

Эрдоган: «Түркия жана Тунис, бардыгы бирге, күчтүү түрдө муну айтууда. «Кудус биздин кызыл чийинибиз болуп саналат».Кудустун тарыхый статусуна жана ыйыктыгына кастык кылган эч бир кадам кабыл алынбайт. Стамбулда кезексиз жыйынга чогулган ИКУнун саммитинде ошол эле жагдайды баса белгилеп, жыйынтык декларациябызды жарыяладык. Адилетсиз бул токтомго жол берген жокпуз. Палестинаны колдообузду улантабыз»,-деди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсүнүн арасында бир дагы мусулман өлкө жок экенине көңүл бурган президент, БУУнун Коопсуздук кеңешинин реформаланышы керектигин баса белгиледи.

Эрдоган БУУнун 196 мүчөсү бар экенинин жана ар бир мүчөнүн кезектешкен түрдө БУУнун Коопсуздук кеңешинде эки жылда бир орун алышы керектигин айтты.

Коркутуу менен бул иштин болбой турганынын ачыкка чыкканын эске салган Эрдоган: «Палестинанын мамлекет катары таанылышына карай иш-аракеттерибизди бардыгыбыз бирге жүргүзөбүз»,-деди.

Президент Эрдоган, Сирия темасында болсо, «Мамлекеттик террорду кылган террорист болуп саналат» деген серебин салып Асад менен бирге жол тартуунун мүмкүн болбогонун айтты.



Тектеш кабарлар