Президент Р. Т. Эрдоган Кудус тууралуу сөз сүйлөдү

Президент Р. Т. Эрдоган Кудус кете турган болсо Мадинанын коргоого алына албай тургандыгын айтты.

869510
Президент Р. Т. Эрдоган Кудус тууралуу сөз сүйлөдү

   Президент Р. Т. Эрдоган Кудус кете турган болсо Мадинанын коргоого алына албай тургандыгын айтты.

Президент Эрдоган  Лүтфи Кырдар Конгресс борборунда өткөрүлгөн Нежип Фазыл сыйлыктары программасында сөз сүйлөдү. Президент Эрдоган Сирияда бардык мусулмандардын келечегин жакындан кызыктырган сценарийлерди бузушкандарын белгилеп : «Эми Кудус аркылуу бардык Жакынкы Чыгышты, бардык мусулмандарды бутага алган жаңы бир кол салуу башталды. Бул тууралуу биринчи кадамдарды шаршемби күнү таштадык. Мындан кийин муну улантабыз. Эгерде Кудус кете турган болсо Мадинаны коргой албай калабыз. Мадина кете турган болсо Меккени коргой албайбыз. Мекке кете турган болсо Каабаны жоготобуз. Унутпагыла Кудус Стамбул демек, Исламабад демек, Жакарта демек, Мадина демек, Каир демек, Дамаск демек. Багдат, Кааба демек, бардык мусулмандар катары баарыбыздын ар – намысыбыз, сыймыгыбыз демек. Биз булардын эч биринен баш тарта албайбыз. Алланын буйругуна жана  ата  - бабабыздын аманатына ээ чыгуу үчүн эмне керек болсо муну аткарабыз».

Дүйнө тартибинин бузук экендигин, бул бузук тартиптин жээкке чыккан күнөөсүз сриялыктын денеси, үй  - жайсыз калган, бардык укугу колунан алынган палестиналык катары  алдыларына чыккандыгын айткан Эрдоган : «Бул бузук дүйнө тартиби бир күн мекенинен сүрүлүп дарыяларда, саздарда каза болгон аракандыктар катары алдыбызга чыгып жатат, бирок биз ал үчүн үнсүз кала албайбыз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар