Анкарада коопсуздук боюнча маанилүү жыйналыш өтүп жатат

Ирактын башкы штаб төрагасы жана АКШдан командирлер Анкарада Башкы штаб имаратында армия генералы Хулуси Акар менен жолугушуу өткөрүшүүдө.

868454
Анкарада коопсуздук боюнча маанилүү жыйналыш өтүп жатат

Анкара маанилүү коопсуздук жыйналышына кожоюндук кылууда.

Ирактын башкы штаб төрагасы жана АКШдан командирлер Анкарада Башкы штаб имаратында армия генералы Хулуси Акар менен жолугушуу өткөрүшүүдө.

Жыйналышка Ирактын башкы штаб төрагасы, армия генералы Осман Ганими, АКШнын Европа күчтөрү командири, армия генералы Куртис М. Скарротти жана АКШнын борбордук күчтөр командири, армия генералы Жозеф Л. Вотель катышууда.

Жыйналышта Сирия, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнын көзөмөлүндө турган Африндеги акыркы кырдаалдар жана ПЙДнын куралсыздандырылышы темалары каралып жатат.

Өзгөчө ПЙДнын куралсыздандырылышы темасында Түркиянын талаптары жана таштала турган кадамдар саммиттин орчундуу темаларынын арасында орун алат.

АКШ, террор уюмун куралдандырганы үчүн тез-тез сындоолорго кабылууда.

Командирлердин жолугушуусунда НАТОнун машыгуусунда болгон чатактардын каралышы да күтүлүүдө.

Ошол эле убакта НАТОнун Европа шериктеш күчтөр командирлигин да аркалап жаткан армия генералы Куртис М. Скарроттинин НАТОнун ичинде ушундай чатактардын болбоосу үчүн көрүлгөн чараларды армия генералы Акар менен бөлүшүүсү күтүлүүдө.

НАТОнун Норвегиядагы 8-ноябрда башталган машыгуусунда Түркия Республикасынын курууучусу Мустафа Кемал Ататүрк жана президент Режеп Таййип Эрдоган бутага алынган эле.

Нидерландияда болсо НАТОнун кызматкерлеринен бирөө Эрдогандын атынан социалдык медиада жалган эсеп ачып НАТОго каршы үгүттөөчү материалдарды бөлүшкөн.



Тектеш кабарлар