Стамбулда Ислам Кызматташтык Уюмунун саммити өткөрүлүүдө
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бардык өлкөлөрдү Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбор шаары катары таануусу керектигин айтты.
![Стамбулда Ислам Кызматташтык Уюмунун саммити өткөрүлүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/138f/df24/fdab/5a30cb55b421d.jpg?time=1719017176)
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бардык өлкөлөрдү Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбор шаары катары таануусу керектигин айтты.
Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити Түркиянын жетекчилигинде өткөрүлүүдө. Саммит Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңеш жыйыны менен башталды. Жыйындын ачылыш сөзүн сүйлөгөн тышкы иштер министри Чавушоглу : «Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбор шаары катары тааныган биз, башка өлкөлөрдү Палестина мамлекетин 1967 – жылдагы чек аралардын негизинде жана борбор шаары Чыгыш Иерусалим боло тургандай түрдө колдошубуз керек»,- деди. Чавушоглу АКШнын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таануу чечиминин басып алуу кыймылын мыйзамдаштыргандыгын айтты. Чавушоглу : «Бул абал үчүн үнсүз кала албайбыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719017177)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.