«Лозанна» келишими кайра каралып чыгышы керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Герциянын «To Bhma» гезитине азчылыктар, Түркия-Европа биримдиги карым-катнаштары, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ), качкындар маселеси, Сирия темасы жана жеке өзү тууралуу суроолорго жооп берди.

867470
«Лозанна» келишими кайра каралып чыгышы керек

Президент Режеп Таййип Эрдогандын 7-8-декабрь күндөрүндө Грецияга жасаган сапарында берген маалыматтарынын жаңырыктары уланууда.

Өлкөнүн алдыңкы гезиттеринен «To Bhma (Vima)» Эрдоган менен болгон бир маектешүүсүнө кеңири орун берди.

Анда Эрдоган, азчылыктар, Түркия-Европа биримдиги карым-катнаштары, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ), качкындар маселеси, Сирия темасы жана жеке өзү тууралуу суроолорго жооп берди.

Эрдоган Греция сапары убагында чоң жаңырык жараткан «Лозанна» келишиминин каралып чыгышы керектиги жөнүндөгү көз карашын «To Bhma» гезитине берген маалыматында да кайталады.

1923-жылы кол коюлган «Лозанна» келишиминин азчылыктар тууралуу өкүмдөрүндөгү кемчиликтеринин эки жактуу түшүнүшүү менен чечиле ала турганы көз карашын айткан Эрдоган, Батыш Фракия түрк азчылыгынын улуттук өздүгүнүн таанылышы, билим берүү жана дин эркиндиги тууралуу маселелерге туш болушканын, бул темалардагы күтүүлөрүн Грециянын президенти Прокопис Павлопулоско да, премьер-министри Алексис Ципраска да айткандарын белгиледи.

Эрдоган, Кипр маселеси тууралуу болсо «кипрдик румдардын Кипрди дагы деле грек аралы сыяктуу карагандарын» белгилеп, «Бул түштөрү эч качан чындыкка айланбайт. Кипр түрктөрү тең кожоюн болгон бул аралда эч качан румдардын каалаганы сыяктуу азчылык абалына түшпөйт. Аң-сезимин алмаштырып, кипрдик түрктөрдүн саясий теңдигин кабыл алышпаса, чечим табыш үчүн сүйлөшүүлөр ар дайым жыйынтыксыз калат»,-деди.

Президент Эрдоган, Түркия-ЕБ карым-катнаштары тууралуу баа берүүсүндө болсо, «ЕБне толук мүчөлүк стратегиялык максатыбыз болушун улантат. «Атайын өнөктөштүк мамилеси» сценарийинин биз үчүн эч кандай жарактуулугу жок. ЕБнин кош стандарттырына карабастан, биз мүчөлүк үчүн жакшы ниет жана кылдаттык менен иштөөбүздү улантабыз»,-деди.

Эрдоган, Сирия темасына да токтолуп «жикчил террор уюму ПККнын бул өлкөдөгү уландысы ПЙД/ЙПГнын террор тилкеси максатына жетүүсүнө уруксат берилбей турганын белгилеп, «ПЙД/ЙПГ менен сириялык күрттөр бир баштыкка коюла албайт. Эч бир террор уюму белгилүү бир калктын өкүлү боло албайт. Сириялык күрттөрдүн террорго аралашпастан мыйзамдуу саясат жүргүзгөн өкүлдөрү бар»,-деди.

Президент Эрдоган, лидерлик ыкмасы тууралуу суроого жооп иретинде, « Лидерлик, эр жүрөктүүлүк жана чечкиндүүлүктү талап кылат. Эгерде Түркиянын лидерлиги, чечкиндүү эрки болбосо, Европа өзүнө багытталган качкындар көчүнүн кантип алдын алат эле?Лидерлик; демилгечилик, баалуулуктарга жана адамзатка берилгендикти талап кылат»,-деди.

Эрдоган: «Элибиз, партиялар жана медиа ФЕТӨнүн 2016-жылдагы 15-июль төңкөрүш аракетине каршы чыкты. Элибиз лидерин, өлкөнү жана мамлекетин коргоду. Мындан чоң ардак жана сыймык боло албайт. Дос өлкөлөрдөн муну түшүнүүлөрүн талап кылабыз. Мына ушул себептерден улам элим лидерлигиме баа берүүдө»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар