Түркияда аскер башчылардын жолугушуусу өтөт

Башкы штаб төрагалыгынын имаратында 14-декабрда боло турган жыйналыштын мурдатан пландалганы жана жыйналышта аймактагы коопсуздук темалары сүйлөшүлө турганы билдирилди.

866292
Түркияда аскер башчылардын жолугушуусу өтөт

Башкы штабдын төрагасы ,армия генералы Хулуси Акар, бейшемби күнү Ирактын башкы штаб төрагасы, армия генералы Осман Ганими, АКШнын Европа күчтөрү командири, армия генералы Куртис М. Скарротти жана АКШнын борбордук күчтөр командири, армия генералы Жозеф Л. Вотелди борбор шаар Анкарада тосуп алат.

Башкы штаб төрагалыгынын интернет барагынан берилген маалыматка караганда, армия генералы Акардын кожоюндугунда уюштурула турган жыйналышка Ирактын башкы штаб төрагасы, армия генералы Осман Ганими, АКШнын Европа күчтөрү командири, армия генералы Куртис М. Скарротти жана АКШнын борбордук күчтөр командири, армия генералы Жозеф Л. Вотель катышат.

Башкы штаб төрагалыгынын имаратында 14-декабрда боло турган жыйналыштын мурдатан пландалганы жана жыйналышта аймактагы коопсуздук темалары сүйлөшүлө турганы билдирилди.

CENTCOMдун басма сөз катчысы, польковник Жон Томас да, Жозеф Л. Вотель жана Куртис М. Скарроттинин Түркиянын жооптуу кызматкерлери менен жолугушуу үчүн бул аптанын ичинде Анкарага бара турганын жарыялады.

Польковник Томас, эки командирдин сапарынын 14-декабрь бейшемби күнү боло турганын, бирок сапар тууралуу кеңири маалыматты коопсуздук себеби менен бөлүшпөй турганын айтты.



Тектеш кабарлар