Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Башкы штабдын маалыматына караганда Ирактын түндүгүндөгү жикчил террор уюмуна таандык буталардын байкалышы улантылууда.

866435
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагына абадан операция жүргүзүп, чек арадагы коопсуздук жайына жана база аймактарына кол салууга даярданган 12 террористти жок кылды.

Башкы штабдын маалыматына караганда Ирактын түндүгүндөгү жикчил террор уюмуна таандык буталардын байкалышы улантылууда.

Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагында чек арадагы коопсуздук жайына жана база аймактарына кол салууга даярданып жаткан жикчил террор уюмунун мүчөлөрү белгиленди. Ушул себеп менен жүргүзүлгөн операцияда 12 террорист жок кылынды, жикчил террор уюму тарабынан колдонулган баш калкалоочу жайлар жана үңкүрлөрүнүн таш талканы чыгарылды.

Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагына эртең менен ошондой эле абадан кыймыл жүргүзүлүп, 17 террорист жок кылынды. Ушундайча бир күн бою абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынган террорист саны 29га жетти.



Тектеш кабарлар