Президент Эрдогандан Лозанна келишими тууралуу билдирүү

Президент Р. Т. Эрдоган расмий жолугушуулар үчүн барган Грецияда Лозанна келишими тууралуу азыр да түшүнүксүз кээ бир нерселердин бар экендигин айтты.

863517
Президент Эрдогандан Лозанна келишими тууралуу билдирүү

Президент Р. Т. Эрдоган расмий жолугушуулар үчүн барган Грецияда Лозанна келишими тууралуу азыр да түшүнүксүз кээ бир нерселердин бар экендигин айтты. Эрдоган Греция сапарынын алкагында жолугушкан кесиптеши Прокопис Павлопулос менен бирге  маалымат берди.

Түркия республикасынын Боштондук согушунан кийин Бириккен Королдук, Франция, Италия, Япония, Греция, Румыния, Болгария, Португалия, Бельгия жана Югославия менен 1923 -  жылы кол койгон Лозанна келишими тууралуу азыр да түшүнүксүз кээ бир нерселердин бар экендигин баса белгилеген Эрдоган Батыш Фракиядагы мусулмандардын азыр да башкы муфтийлерин шайлай албашын буга мисал катары көрсөттү.

Президент Эрдоган Грециянын киши башына туура келген улуттук кирешесине караганда 18 миң долларга жакын экендигин, Батыш Фракия калкынын орточо киши башына  түшкөн улуттук кирешесинин болсо 2 миң 200 долларга жакын экендигин белгиледи. Эрдоган : «Инвестицияда ташталышы керек болгон кадамдар үчүн керектүү болгон жардам берилбей жатат. Ал жерде бөлүүчүлүк сөз болууда. Түркияда менин рум жарандарыма карата мындай нерсени көрбөйсүңөр. Ыбадатканаларында кичине да болсо бөлүүчүлүктү көрө албайсыңар. Бирок батыш Фракияда булар эмес, түрк деген сөздүн жазылышын да каалабай жатышат»,- деди.

Саясат укугунда келишимдердин актуалдашуусу деген шарттын бар экендигин белгилеген Эрдоган мунун дүйнөдө көптөгөн үлгүлөрүнүн бар экендигин айтты.



Тектеш кабарлар