Чавушоглу - Столтенберг - Сориде сүйлөшүүсү

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу баш катчы Йенс Столтенберг менен жолугушту.

862441
Чавушоглу - Столтенберг -  Сориде сүйлөшүүсү

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу баш катчы Йенс Столтенберг менен жолугушту.

НАТОдон берилген маалыматта жолугушууда тышкы иштер министрлеринин жыйынынын күн тартиби менен бирге өткөн айда Норвегияда болгон Trident Javelin  машыгуусунун каралгандыгы белгиленди. Маалыматта баш катчы Столтенбергдин себеп болгон араздашуудан улам  кечирим суроо үчүн президент Р. Т. Эрдоган жана тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен сүйлөшкөндүгүн эске салып : «Баш катчы сүйлөшүүдө НАТО аскердик жетекчилеринин окуяны жана болгондордун кайталанбашы үчүн көрүлүшү керек болгон чараларды иликтегендигин ачыкча билдирди»,- деген баа берүүсүнө орун берилди. Тышкы иштер министри Чавушоглу норвегиялык кесиптеши Ине Мари Эриксен Сориде менен да жолугушту. Жыйындын акырында түрк журналисттерге маалымат берген Сориде : «Кесиптешим менен мыкты сүйлөшүү өткөрдүк. Эки тараптуу карым – катнаштар, миграция жана Түркиянны аймактагы абалды жакшыртуу үчүн жасагандарын карап чыктык»,- деди. Норвегиядагы НАТО машыгуусунда чыккан окуяга да баа беришкендерин белгилеген Сориде : «НАТО буга абдан ылдам түрдө жооп берген, Норвегия да ушундай. Бул маселени артта калтыргандыгыбызга ишенем»,- деди.Сериде НАТОнун азыркы учурда жүргүзгөн териштирүүнүн тышында жаңы абалдын жок экендиги, келерки жумада бул тууралуу актуалдаштыруунун болорун сөздөрүнө кошту.

Президент Эрдоган Норвегияда болгон  Trident Javelin машыгуусу учурунда дшуман картинасы бөлүгүнө өзүнүн аты жана Ататүрктүн сүрөрүнүн илинишине каршы чыгып : «Бул кабар келгенде башкы штабыбыздын төрагасы жана Европа Биримдигинен жооптуу министрибиз Канада жолунда болчу. Бизге телефон чалышып абал тууралуу маалымат беришти. Бул машыгуу да  НАТО машыгуусу. 40 аскерибиз бар. Биз бул аскерлерибизди  кайра алуу чечимин чыгардык»,- дешти. Биз да : «Албетте. Ал илингнедер алынса да 40 аскерибизди ылдам алгыла Мындай союздаштык болбойт»,- дедим деди.

Норвегия тектүү баш катчы окуянын билдирилиши менен НАТОнун атынан Түркиядан кечирим сураган билдирүү жасалбагандыктан президент Эрдоганга телефон чалып кечирим сураган болчу.



Тектеш кабарлар