Сирияда ДЕАШтан кийин кезекте эмне бар?

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын «DailySabah» гезитине жарыялаган макаласы.

860723
Сирияда ДЕАШтан кийин кезекте эмне бар?

ДЕАШтан кийинки, Асаддан кийинки Сирия, жогорку гео –саясий күч көрсөтүүлөр сахнага чыккан башка бир  окуяга кирүүнүн эмес, Сирия калкы жана миллиондогон качкын үчүн бир майрамдын себеби болушу керек.

Азыркы учурда ДЕАШ Сирияда жеңилүүгө учурагандыгына караганда Бирккен мамлекеттер өкмөтү, ПККнын өлкөдөгү уландысы болгон Демократиялык Биримдик партиясы ПЙД жана анын куралдуу бөлүгү Элдерди коргоого алуу биримдиги ЙПГге колдоо берүүнү акырына чыгарабы? Бул суроо 24 -  ноябрь күнү президент Р. Т. Эрдогандын жана АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосунда өткөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө талкууга алынды. АКШнын ЙПГге берген аскердик колдоосун негизинен мындан мурда эле акырына чыгарышы керек болгондугун да айтты. Бирок Трамптын бул билдирүүсүнө каршы бир билдирүү бир канча күндөн кийин Пентагон тарабынан берилди. Булардын баары Сирия, Түркия жана Түрк  - Америка карым – катнаштары үчүн эмне деген мааниге келет?

Вашингтондон келген бул билдирүүлөр азыркы учурдагы АКШ башкаруусунун ичиндеги шайкештиктерди көрсөтүүдө. Президенттин сөзүнүн акыркы сөз экендигин жана ага караштуу мекемелер тарабынан мажбур түрдө аткарылат деп болжолдоого болот. Анкаранын Вашингтондон күтүүсү ДЕАШтын Ракка жана Сирияда калган бөлүктөрүн жеңилүүгө учураткандан кийин ПККнын Сириядагы уландыларына берген аскердик, финансылык жана саясий жардамдарды токтотушу. Муну менен бирге АКШлык жетекчилер ПЙД жана ЙПГ менен болгон карым  - катнашын акырына чыгарышы. Муну менен бирге АКШлык жетекчилер ПЙД жана ЙПГ менен болгон карым  - катнаштарынын «убактылуу» экендигин түрк мекемелерине көптөгөн жолу билдиришип жана бул топторго берилген куралдардын кайра алынарын да айтышкан.

АКШнын Сирияда террор менен байланышы бар бир группаны колдоо саясаты, бул топтун ДЕАШка каршы эң таасирдүү күч деген ырастоого таянып жатат. Бул ырастоону дагы да мыйзамдаштыруу үчүн АКШ медиасы акыркы эки жылдын ичинде ЙПГдеги аял террористтердин фотографиялары да орун алган сансыз кабарларды беришти. Бул кабарлардын көпчүлүгү ПКК жана ЙПГнин Сирияда кылган кылмыштары жергиликтүү калкка, күрттөргө жана араптарга карата жасалган зулумчулук жана кысымды, жергиликтүү калкты көчүүгө мабурлоолорун, демографиянын өзгөрүүсүн, бала аскерлерди колдонуусун, оппозициялык саясий партиялар жана аларга таандык бюролорду жана медиа мекемелерин жабууларын жана башка сансыз кылмышын актап жаткандай мүнөздө эле. Ал түгүл пропаганданы батыштык окурмандарга сатуу үчүн бир каражат болгон, бирок маңызында аял денеси жана мүнөзүнө каршы кыймылдарды камтыган, аял символун колдонуу менен ПКК террорун жаратышты. Бул саясаттын ичинде билдириле турган эң негизги нерсе : Американын Сириядагы мыкты союздашы,  ал үчүн ачкыч маанидеги союздаш болгон Түркияга каршы согушкан жана автономиялуулукту талап кылган Сириядан көз карандысыз болууну каалаган  марксист  - ленинист террордук уюм.

ЙПГнин ДЕАШка каршы эң таасирдүү күч экендиги тууралуу айтылгандардын чындык менен байланышы жок. Эгерде АКШ аларга берген жардамды башка бир группага бергенде мисалы Эркин Сирия Армиясына. Анда түркмөндөр же ПККлык болбогон күрттөргө, алар да бул жардамдын саясында коңшу өлкөлөр үчүн коопсуздук маселесине жол ачпастан, ДАЕШка чоң сокку ура алмак. АКШ муну кылгандын ордуна башка оппозициялык топторго көңүл бурбастан марксист  -  ленинист жана улутчул  - жикчил террордук топтор менен иштөөнү тандады. Бул абал Сириянын жеринин бүтүндүгү жана Түркиянын улуттук коопсуздугу жактан олуттуу бир маселе. АКШ ДЕАШтын жеңилишинен кийин ПЙПГни куралсыздандырып, текшерүү астына ала алып, бул группанынын Сириянын саясий  биримдиги менен жеринин бүтүндүгүнө убада берүүнүн гарантиясын бере алабы? Бул мүмкүн эместей көрүнбөйт, себеби АКШнын ПЙД жана ЙПГни өз максаттары үчүн колдонгончолук, ПЙД жана ЙПГ да АКШ өкмөтүн өз пайдасы үчүн колдонгон.

Түркиянын бул саясатка каршы болгон нааразычылыгына келе турган болсок бул каршы чыгуу толугу менен мыйзамдуу, себеби ПЙД менен ЙПГге берилген ар бир жардам кыйыр түрдө же кээ бир учурларда болгондой түздөн түз ПККга берилген колдоо жана жыйынтык катары да Түркиянын улуттук коопсуздугуна карата коркутуу. ЙПГге жиберилген ар бир курал жана ок ПККнын өмүрүн узартуу үчүн ташталган кадам.

Эми болсо ДЕАШ Сирияда жеңилүүгө учуратылгандыгына караганда АКШ өкмөтү ПЙД жана ЙПГ менен болгон байланышын акырына чыгарууга мажбур жана Сириянын саясий биримдигин жана жеринин бүтүндүгүн, Женева жана Астана тынчтык сүйлөшүүлөрү чатырында  ишеним астына алууга көңүл буруулары керек. Сириялык оппозициячыл топтордун 22 -  ноябрда Риядда айтканындай Башар Асад саясий алмашуунун бир бөлүгү катары кетиши керек. Себеби Асад Сириянын биримдиги менен ырааттуулугун түзө турган киши эмес. Иран менен Орусия  Асадды мыкты союздашы катары көрүшсө да Сириядагы кызыкчылыктарынын Асад бийликте турганда ишке ашпай тургандыгын билишет. Бирок азыркы учурда дагы чоң жана дагы олуттуу бир маселе бар. Сирияда стратегиялык жана территориянын артынан түшкөн өлкөлөр ДЕАШтан кийинки Сирияда жаңы бир күч согушунун казанын кайнатып жатышат. Орусия менен Иран Асадды бийликте кармоо менен Сирияда болууну улантууну каалап жатышат. Бир тараптан АКШ Евфраттын чыгышында болуу үчүн даярданып аларга каршы бир күч түзүүнү каалап жатат. Бирок бул абал Сирияда жаңы кагылышуулар менен ыраатсыздыкка жол ачат. Сириядан үлүш алуу үчүн киришилген бул кыймылдын өлкөдө жаңы бир этникалык жана сектанттык араздашууну Сириянын бөлүнүшүнө бара турган жаңы бир процесс менен кийинки потенциалдык коопсуздук коркутуу толкунун мүмкүн кыла турган пайдубалды түзүшү мүмкүн.

Муну аткаруунун ордуна бардык өлкөлөр Сирия мамлекетинин жана өлкөсүнүн саясий алмашуусуна жана чыныгы  укук ээлери болгон Сирия калкына өткөрүлүп берилишине көңүл бурушу керек. Сирия калкы менен бирдикте өлкөнүн саясий биримдиги, алмашуусу жана ырааттуулугуна карата иштөө бардык кызыктар өлкөлөрдүн пайдасына болот. Сирияны башка бир күчтүн аренасына каратуу эч кимге пайда алып келбейт. ДЕАШтан кийинки Асаддан кийинки Сирия гео – саясий күч көрсөтүүлөрү сахнага чыккан башка бир окуяга кирүүнүн эмес, Сирия калкы менен миллиондогон качкын үчүн чыныгы бир майрамдын себеби болушу керек.



Тектеш кабарлар