Террор уюмун колдоп жаткандар уяттуулук деңизинде думугат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Ыгдыр облусундагы конгрессинде сөз сүйлөп, террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улана турганын белгиледи.

860342
Террор уюмун колдоп жаткандар уяттуулук деңизинде думугат

Президент Режеп Таййип Эрдоган,террор уюмун колдоп жаткандардын уяттуулук деңизинде думуга турганын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Ыгдыр облусундагы конгрессинде сөз сүйлөп, террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улана турганын белгилеп кетти.

Курал, өлүм, кайгы, кан жана коркунуч аркылуу ойнолгон бардык оюндардын ишке ашпаганын түшүндүргөн президент: «Бизди көздөй багыттаган канкор үйүрлөрү аркылуу бизди туткунга ала тургандарын ойлогондордун ойлорун таш капты»,-деди.

Террористтерди миңдеген фура толтура курал жана ок-дары менен жабдыгандар, ал куралдар өз ээлерине кайтканда чоң жаңылыштык калгындарын түшүнө тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Куралдардын түрктөрдү, күрттөрдү, сунниттерди, арабдарды кыргынга салуусуна санааркаган жери жок, эң сонун шаарлардын кыйрандыга айланышына ыраазы да болуп жатышат. Тарых сабак алынбаганы үчүн кайталанат. Аймагыбызда кошоматчыларды пайдаланышып кылган кылмыштары менен кылмышкерлерге колдоо көрсөткөндөр уяттуулук деңизинде думугат»,-деп айтты.

 

 



Тектеш кабарлар