Түркия менен Германиянын ортосундагы карым-катнашты оңдоого карай кадам таштоо керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Германиянын президенти Штайнмайер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

858163
Түркия менен Германиянын ортосундагы карым-катнашты оңдоого карай кадам таштоо керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Түркия, Орусия жана Ирандын 22-ноябрда Сочиде лидерлер деңгээлинде өткөргөн үчтүк саммити туурасында маалымат бөлүштү.

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка караганда президент Эрдоган менен Германиянын президенти Штайнмайер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Сирия маселеси менен катар эки тараптуу карым-катнаштар да каралган сүйлөшүүдө президент Эрдоган, Түркия, Орусия жана Ирандын 22-ноябрда Сочиде лидерлер деңгээлинде өткөргөн үчтүк саммит туурасында немис кесиптеши менен маалымат бөлүштү.

Сириядагы акыркы абалга токтолгон сүйлөшүүдө Эрдоган, учурдагы процесстин Сирияда БУУнун байкоосунда эркин, адилеттүү жана бардык сириялыктар добуш бере алган шайлоо уюштурууну максаттагандарын белгиледи.

Эрдоган, БУУнун коопсуздук кеңешинин 2254 номердүү токтомунда көздөлгөндөй Сирия калкынын жол башчылыгында жана кожоюндугунда жүргүзүлө турган кеңири камтуучу, эркин, адилеттүү жана ачык саясий процесстин ишке ашырылышына чоң маани бергендерин баса белгиледи.

Сочиде боло турган Улуттук диалог конгрессинин Женеванын альтернативасы эмес, толуктоочу боло турганын белгилеген Эрдоган, аты аталган конгрессте террор уюмдарына орун берилбей турганын билдирди.

Түркия менен Германиянын ортосундагы карым-катнаштарга токтолгон сүйлөшүүдө президент Эрдоган жана Германиянын президенти Штайнмайер, эки тараптуу карым-катнаштарга кайрадан ылдамдык киргизүүнүн маанисин баса белгиледи.

Эки лидер сүйлөшүүсүндө ушул багытта эки жак тең кадам ташташы керектигин белгилеп кетишти.



Тектеш кабарлар