Мевлют Чавушоглу Азербайжанда Илхам Алиев менен жолугушту

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштар менен аймактык жана глобалдык абалдар каралды.

858729
Мевлют Чавушоглу Азербайжанда Илхам Алиев менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркия  - Азербайжан  - Пакистан тышкы иштер минитрлеринин үчтүк жыйынына катышуу үчүн  Азербайжанга барды. Мевлют Чавушоглун бул жерде президент Илхам Алиев кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштар менен аймактык жана глобалдык абалдар каралды. Мевлют Чавушоглу андан кийин Түркия  - Азербайжан  - Пакистандын тышкы иштер министрлеринин үчтүк жыйынына катышты. Жыйындын акырында тышкы иштер министрлери үчтүк кызматташтытыгынын өнүктүрүлүшү тууралуу маалыматка кол койду.

Жолугушуудан кийин пресс  - жыйын өткөргөн тышкы иштер министрлери үч өлкөнүн кызматташтыгынын маанисине көңүлдөрдү бурду. Тышкы иштер министри Чавушоглу үч өлкөнүн эл аралык тармакта да тилектештик ичинде болушунун маанисин баса белгиледи. Мевлют Чавушоглу андан кийин Азербайжан Улуттук Парламентинин спикери Октай Эседов менен жолугушту.



Тектеш кабарлар