Террористтерге оор сокку урулду

41 бута жок кылынды

856404
Террористтерге оор сокку урулду

Түрк куралдуу күчтөрү, Ирактын түндүгүндөгү Асос аймагындагы жикчил террордук уюмга таандык 41 бутаны кечээ жүргүзүлгөн абадан операцияда жок кылды.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда, Ирактын түндүгүндөгү Асос аймагына кечээ кечки убактарда абадан операция жүргүзүлүп жикчил террордук уюмга оор сокку урулду.

Аба күчтөрү командирлигине караштуу согуштук учактар, Асос аймагында жикчил террордук уюмга таандык экени аныкталган баш калкалоочу жай, тоннель сыяктуу жалпы 41 бутаны ийгиликтүү жок кылды.

Операцияга катышкан учактар жана учкучсуз учактар коопсуз түрдө базага кайтып келишти.  



Тектеш кабарлар