Түркияда бир күндүк аза күтүү жарыяланды

Түркияда Египетте Ел Равдан мечитине жума күнү жасалган террордук кол салуудан улам бир күндүк аза күтүү жарыяланды.

855508
Түркияда бир күндүк аза күтүү жарыяланды

Түркияда Египетте Ел Равдан мечитине жума күнү жасалган террордук кол салуудан улам бир күндүк аза күтүү жарыяланды.

Өлкөдө жана тышкы өкүлчүлүктөрдө байрактар 27 -  ноябрь дүйшөмбү күнү жарым түшүрүлөт.

Премьер  - министрликтин басма сөз борборунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Ел Равда мечитине жасалган кол салууда каза болгондор үчүн бир күндүк аза күтүү жарыяланды.

Египеттин Ариш шаарындагы Ел Равда мечитине карата террордук кол салууда 305 киши каза болгон. Египет башкы консулдугу тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кол салуунун ДЕАШ террордук уюм тарабынан жасалгандыгы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар