Түркиянын аракандык мусулмандарга жардамы

Аймакка 20 миң контейнер үй салып берүүнү чечкен Түркия бул санды 25 миңге көбөйттү

852301
Түркиянын аракандык мусулмандарга жардамы

Мьянмадагы күч колдонуудан качкан аракандык мусулмандарга Түркиянын колдоосу уланып жатат.

Аймакка 20 миң контейнер үй салып берүүнү чечкен Түркия бул санды 25 миңге көбөйттү.

Вице-премьер Режеп Акдаг, Бангладештин Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана жардам министринин орун басары Мофаззал Хоссейн Чоудхурини кызмат орунунда кабыл алды.

Акдаг жолугушууда Аракандагы мусулмандарга карата жардамдардын сүйлөшүлгөнүн белгилеп: «Ушул жылдын аягына чейин Бангладеште аракандык мусулмандар жашаган аймакта 2 көчмө оорукана курабыз. Булар менен бирге кызмат көрсөтө турган 10 даана да медпункт ачабыз»,-деди.

Бир тараптан жардамдардын алкагында Бангладеш чек арасындагы Кокс-Базар лагеринде жашагандар үчүн таза суу кудуктарынын ачылуусунун да улантыла турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар