Түркиянын өнүгүүсүнөн тынчсыздангандарга карабастан өлкөнү атомдук энергия менен камсыздайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» маданият жана конгресс борборунда «Электр станцияларын тобу менен ачуу» аземинде сөз сүйлөдү.

852104
Түркиянын өнүгүүсүнөн тынчсыздангандарга карабастан өлкөнү атомдук энергия менен камсыздайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын өнүгүүсүнөн тынчсыздангандарга карабастан өлкөнү атомдук энергия менен камсыздай тургандарын айтты.

Эрдоган, Бештепедеги «Миллет» маданият жана конгресс борборунда «Электр станцияларын тобу менен ачуу» аземинде сүйлөгөн сөзүндө айрым чөйрөлөрдүн Түркиянын энергия иш-аракеттерин балталаш үчүн атайын күч жумшагандарын билдирди.

Түркиянын энергия иш-аракеттеринен тынчсыздангандарга үн каткан Эрдоган: «Бекер чабалактабагыла, бул кербен кетип баратат, ушундай кете берет. Тынчсыздансаңыз да тынчсызданбасаңыз да атомдук станцияны курабыз»,-деди.

Атомдук энергия иш-чараларын жүргүзүп жатканда айлана чөйрөгө да кайдыгер карабай кадам таштагандарын белгилеген  Эрдоган, өлкөнүн токой байлыгын 21 миллион гектардан 22 миллион гектарга жеткиргендерин айтты.

Президент Эрдоган, улуттук энергетика жана кен саясатынын Түркиянын алдыдагы жылдардагы максаттарына жетүүсүндө маанилүү түртүүчү күч боло турганын белгилеп кетти.

Бир убактарда гидроэлектрдик станциялардын курулуусуна да жикчил террор уюму ПККнын каршы чыкканын баса белгилеген Эрдоган: «Ал станциялар бизге абдан башкача киреше алып келүүдө, ичиле турган суудан тартып чөйрөнүн кооздугуна чейин. Булардын баары менен катарлаш сугатта камсыздалган мүмкүнчүлүктөр четке кагылгыс чындыктар»,-деп айтты.

Эрдоган алдыбыздагы 10 жылдын ичинде 10 миң мегаваттык шамал энергиясы станциясын процесске кигизүүнү каалагандарын, жергиликтүү көмүргө дагы көп шыктандыруу камсыздалышы үчүн да иштерди аткаргандарын, ишкерлерден жаңы долбоорлордун кабарын күткөндөрүн айтты.

Энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак, «Электр станцияларынын тобу менен ачылуу» аземинде сүйлөгөн сөзүндө, электр энергиясы тармагында үстүбүздөгү жылдын акырына дейре 9 миллиард доллардык инвестиция менен кубаттулукка 8222 мегаваттык курулган кубаттуулукту кошкон болоорун айтты.

 

 



Тектеш кабарлар