Эрдогандын сапары башталууда

Үч маанилүү сапар

846238
Эрдогандын сапары башталууда

Президент Режеп Тайип Эрдогандын Орусия менен Булуң өлкөлөрүн камтыган сапары башталууда.

Эрдоган бүгүн Орусиянын Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат.

Жолугушууда Сирия, терроризге каршы күрөшүү жана С-400 келишими темалары каралат.

Орусиядан кийин Кувейтке бара турган президент Эрдоган, Кувейттин эмири Сабах Аль Ахмет Аль-Жабир Аль-Сабах менен жолугушат.

Президенттин акыркы бекети болсо Катар болот.
Эрдоган Катарда Түркия-Катар жогорку стратегиялык комитеттин үчүнчү жыйынына катышат.

Сапарда айрыкча 5-июнда башталган булуң кризиси да каралмакчы.

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Йемен, Египет жана Бахрейн 5-июнда Катар менен бардык дипломатиялык алакаларын токтоткондорун билдиришкен болчу.  



Тектеш кабарлар