АКШ менен Орусия Сириядан аскерлерин чыгарып кетсин

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Сочиге аттанаар алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунан маалымат берди.

846625
АКШ менен Орусия Сириядан аскерлерин чыгарып кетсин

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда аскердик жол менен чечим табуунун мүмкүн болбогонун айткан АКШ жана Орусияга, аскерлерин Сириядан чыгарып кетүү чакырыгын салды.

Эрдоган, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Сочиге аттанаар алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунан маалымат берди.

Эрдоган, жолугушууларда соода-сатык жана экономикалык карым-катнаштар алдыңкы темалар болоорун айтты.

Визадан бошотуунун алдындагы тоскоолдуктардын жоюлушу боюнча күтүүлөрүн кайра айта тургандарын белгилеген Эрдоган: «4 миллиондон ашуун орус туристти тосуп алуу мүмкүнчүлүгүбүз болду. Энергетика тармагында да жакын кызматташабыз. Орус газын Түркия аркылуу Европага жеткире турган «Түрк агымы» ылдам илгерилөөдө, Мерсинде курула турган «Аккую» атомдук станциясынын да 2023-жылы иштей баштоосу үчүн иштерибиз уланууда. Аймактык темаларда да пикир алмашабыз. Өзгөчө Сирия тууралуу акыркы сүйлөшүүлөр абдан маанилүү. Идлиб борборлуу сүйлөшүүлөрүбүз маанилүү.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Вьетнамдагы Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтык (APEC) форумунда өткөргөн жолугушуусунда эки лидердин тең Сирияда аскердик жол менен чечим табылбастыгы жана саясий чечим табуунун керектүүлүгү багытындагы билдирүүлөрүнө сереп салган Эрдоган: «Мен бул айтылгандарды түшүнө албай жатам. Аскердик чечим табуу мүмкүн эмес дешүүдө. Бир тараптан борбордук башкаруунун (Асад режиминин) ушул убакка дейре аскердик ыкмалар менен өлтүргөн адам саны 1 миллиондон ашты. Аскердик чечим табуу мүмкүн болбосо, анда аскерлерин чыгарып кетишсин, тез арада ал жерде бардыгы чогуу шайлоого баруунун жолдорун издесин»,-деп айтты.

АКШнын (1991-жылы) Перс булуңу согушу убагында Иракка кирип жатканда ал жерде туруктуу калбай турганын жарыялаганын эске салган Эрдоган: «Биз Иракка АКШнын кирүүсүн каалаган эмеспиз. Болбой эле киришти. Иракта көпкө тура албайбыз дешти, эми чыгыштыбы? Чыгышкан жок. Дүйнө жүзү макоо эмес. Айрым чындыктар тилекке каршы башкача айтылгандар, бирок ишке ашыруусу башкача болууда. АКШнын Сириянын түндүгүндө 5 аба базасы бар. Дагы бирди Раккага салууга даярданып жатышат. 8 даана айрыкча базасы бар. Орусиянын 5 базасы бар. Булар ал жерде. Бул чындыктарды кайда коебуз. АКШ, Сирияга 3500 фура курал алып барды»,-деп айтты.

Орусиядан алына турган абадан коргонуу системалары тууралуу да баа берүүсүн жасаган Эрдоган, С-400 ракеталары темасында келишим бүтүрүлгөнүн, техникалык темаларды сүйлөшө тургандарын белгилеп өттү.

Жакынкы Чыгыштагы абалдарга да токтолгон Эрдоган: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн Катарда жайгашуу процесси уланууда. Бул процесс биздин Катардын жана жалпысынан Перс аймагына маани бергенибиздин белгиси. Перс булуңундагы бардык өлкөлөр  биздин тууганыбыз, байыркы досубуз. Сауд Арабиянын , Катардын, Кувейттин, Бахрейндин, Омандын да ырааттуулук жана тынчтыгы биз үчүн биринчи даражада маанилүү. Тилекке каршы бир топтон бери аймакта тууганды тууганга кырдыруу саясаты жүрүп жатат. Мунун да кимдер тарабынан айландырылып жатканын биз абдан жакшы билебиз. Чындыгында дүйнө жүзү да абдан жакшы билет. Аймагыбыздагы лидерлердин этияттык менен, акыл-эстүүлүк менен бул оюндарды бузуусу шарт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар