Президент Эрдогандын 10 - Ноябрь тууралуу билдирүүсү

Гази Мустафа Кемал тарыхта из калтырган командир жана лидер.

844487
Президент Эрдогандын 10 -  Ноябрь тууралуу билдирүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Гази Мустафа Кемалды тарыхта из калтырган бир командир жана лидер кылган эң чоң өзгөчөлүгүнүн элине карата ишеничи экендигин айтты.

Эрдоган Ататүрктүн өлүмүнүн 79  жылдыгынан улам билдирүү жарыялады. Президент Эрдоган билдирүүсүндө : «Республикабыздын куруучусу Гази Мустафа Кемалды өлүмүнүн 79 -  жылында урмат  - сый менен эскерем. Гази Мустафа Кемал жол башчылык кылган эркиндик күрөшүбүз, жетишкен теңдеши жок жеңиштери жана улутубузду орток бир идеянын тегерегинде бириктирип курган республикабыз менен бүткүл дүйнөнүн кызыгуусун тарткан, каарман бир аскер, сыйлуу лидер»,- деди. Эрдоган билдирүүсүндө : «Улуу улутубуз Гази Мустафа Кемалдын жол башчылыгында 1919 -  жылы башталып, 1923 -  жылы республиканы курган күрөштө бизди мекенсиз калтырууну каалагандарды каны, жаны, жүрөгү менен токтотту. Эркиндик күрөшүбүздө мекенин жана желегин коргогон, бардык кыйынчылыктарга карабастан келечегине жана эркине ээ чыккан улуу улутубуз, бүгүн да өлкөбүзгө карата бардык кол салууларды жок кыла турган чечкиндүүлүккө ээ»,- деди.

«Гази мустафа Кемал курган жана жаштарга аманатка калтырган республикабыздын толук көз карандысыздыгын коргоо, өнүктүрүү жана 2023 – жылдын максаттарына жетүү үчүн «бир улут, бир байрак, бир мекен, бир мамлекет» принцибинин негизинде биригип жатабыз. Түркия республикасынын ырааттуулук ичинде, жарандарыбыздын арасындагы бир туугандык, биримдик жана бүтүндүктү коргоо менен күчтөнүшүнө, өсүшүнө, демократиянын стандарттарын күн сайын жогорулатышы үчүн иштөөнү улантабыз. Бул ойлор менен өлүмүнүн 79 – жылында республикабыздын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал жана аскердик жолдоштору менен мекенибиз үчүн күрөшкөн, шейит болгон, ардагер болгон каармандарыбызды дагы бир жолу ыраазычылык менен эскерем»,- деп сөзүн бүтүрдү Эрдоган.  

 



Тектеш кабарлар