Армиянын генералы 10 - Ноябрга карата билдирүү жарыялады

Хулуси Акар билдирүүсүндө Түркияга карата бир коркунучтун түрк куралдуу күчтөрүнүн чечкиндүүлүгүндө жүргүзүлгөн күрөш менен жок кылынгандыгын баса белгиледи.

844426
Армиянын генералы  10 -  Ноябрга карата билдирүү жарыялады

Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар түрк улутунун кайрадан тирилиши болгон эркиндик согушунун улуттук биримдик жана Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн жол башчылыгында жеңишке жетишкендигин белгиледи.

Армиянын генералы Акар 10 -  Ноябрь Ататүрктү эскерүү күнүнөн улам жарыялаган билдирүүсүндө Ататүрктүн бир гана мекендин жерлерин эле куткарып калбастан, элдин көз карандысыздык жана заманбап отун өлкөгө жайылткандыгын айтты. Акар Ататүрк жандырган эгемендик факелин алып жүргөн түрк куралуу күчтөрүнүн армия  - улут шайкештигинин эң мыкты үлгүсүн түзгөндүгүнө көңүлдөрдү буруп : «Түрк куралдуу күчтөрү коркунучтарга каршы жарык келечегибиздин жолун дайыма ачык кармап туруу үчүн күрөшүүнү улантат»,- деди.

Хулуси Акар билдирүүсүндө Түркияга карата бир коркунучтун түрк куралдуу күчтөрүнүн чечкиндүүлүгүндө жүргүзүлгөн күрөш менен жок кылынгандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар