Республика майрамы кубанычтуу белгиленип жатат

Борбор шаар Анкарадагы алгачкы азем Аныткабырда өттү.

836353
Республика майрамы кубанычтуу белгиленип жатат

Түркия Республикасынын курулганынын 94 жылдыгы өлкөдө, Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленди.

Борбор шаар Анкарадагы алгачкы азем Аныткабырда өттү.

Аземдер президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги  мамлекеттик протоколдун Аныткабырга гүлчамбар коюшу менен башталды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде арасында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман, премьер-министр Бинали Йылдырым, Республикачыл элдик партиянын жетекчиси Кемал Кылычдароглу, Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели, башкы штабдын төрагасы, армия генералы Хулуси Акар жана күч командирлери, вице-премьерлер, министрлер жана жогорку сот органдарынын башчылары катышкан мамлекеттик протокол Арстандуу жолдон Мавзолейди көздөй басты.

Мамлекеттик протокол Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюп таазим кылган соң Мисаки Милли мунарасына өттү.

Аныткабырдын атайын дептерине кол койгон президент Эрдоган, Республикабызды жашаткан рухтун 94 жыл мурда болгону сыяктуу учурда типтик аякта турганын баса белгиледи.

Президент Эрдоган мавзолейдеги атайын дептерге: «Чоң чыгымга учуроо менен ээ болгон Республикабыздын 94 жылдыгын абдан толкундануу менен белгилеп жатабыз. Бизге мураска калтырган Түркия Республикасы- ар бир сабы баатырдыктарга, ар бир учуру эрдиктерге толгон чоң согуштун чыгармасы болуп саналат. Боштондук согушун жеңиш менен аяктаган, республикабызга жан берген рух, кудум эле 94 жыл мурда болгону сыяктуу бүгүнкү күндө да типтик аякта турганына шүкүр кылабыз. Тарыхка 15-июль демократия дастаны катары катталган даңазалуу күрөшүбүздүн бул рух жана эрктин бүтүндөй өлкө аянтында көрүнгөн абалы. Республикабыздын 94 жылдыгын белгилеп жатып сизди жана куралдаш жолдошторуңузду, бардык ардагерлерибизди таазим кылып эскеребиз, шейиттерибиздин жаткан жери жайлуу болсун Республика майрамыбыз куттуу болсун»,-деп жазды.

Протокол аземдери аяктаган соң Аныткабыр атуулдардын зыяратына ачылды.

Президент Эрдоган  29-Октябрь Республика майрамынан улам Президенттик комплексинде куттуктоолорду кабыл алат жана рецепсия берет.

Программаларга премьер-министр Бинлаи Йылдырым да катышат.

Түркия Республикасынын курулганынын 94 жылдыгы өлкөдө, Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө.

Бул учурда Антальяда 29-Октябрь Республика майрамын белгилөөлөрдүн алкагында өткөрүлгөн панарчылар тобу 600 метрдик түрк желегин жайды.

Колдоруна желек, девиз жана Мустафа Кемал Ататүрктүн сүрөттөрүн көтөргөн миңдеген антальялык панарлар жана 600 метрдик түрк желеги менен Коньяалты көчөсүнөн аянтка чейин келишти.



Тектеш кабарлар