Баку-Тбилиси-Карс темир жол долбоору

30-октябрь тарыхый күн болот

829160
Баку-Тбилиси-Карс темир жол долбоору

Баку-Тбилиси-Карс темир жол долбоорунда биринчи расмий каттам 30-октябрда ишке ашат.

Транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан 30-октябрда Азербайжандын борбор шаары Бакудан баштала турган поезд каттамына Түркия, Грузия жана Азербайжандын президенттеринин катышаарын айтты.

30-октябрдын тарыхый күн болоорун баса белгилеген Арслан: «Жибек темир жол үзгүлтүксүз түрдө кайрадан жанданат. Бул темир жибек жолу да өз багытындагы бардык өлкөлөргө жана аймагыбызга чоң салымын кошот»,-деди.



Тектеш кабарлар