АКШ басма сөзү ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн ачып бере баштады

ФЕТӨнү Анкара-Вашингтон багытындагы чыгалуунун башкы жооптуусу катары көрсөткөн макала «Вашингтон Таймс» гезитинде чыкты.

830500
АКШ басма сөзү ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн ачып бере баштады

Американын басма сөзү Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) чыныгы жүзүн бийик үн менен угуза баштады.

ФЕТӨнү Анкара-Вашингтон багытындагы чыгалуунун башкы жооптуусу катары көрсөткөн макала «Вашингтон Таймс» гезитинде чыкты.

ФЕТӨнүн корбашчысынын жана уюмунун ыпылас иштери кадам-кадам түшүндүрүлгөн макалада «ФЕТӨнүн корбашчысы Түркияга кайтарылышы керек» делди.

Абрахам Вагнер жазган анализде, «2016-жылдын 15-июлунда төңкөрүш аракетинен кийин чогултулган далилдер төңкөрүш аракетинин артында ФЕТӨнүн корбашчысы турганын ачык түрдө ортого салууда. Далилдер төңкөрүш аракетинин аркасында анын турганын ырастап жатат жана корбашчынын Түркияда соттолушу үчүн кайтарылып берилиши керек» деген сөздөргө орун берилди.

Макалада, ФЕТӨнүн корбашчысынын радикализм жана коррупцияга аралашкан ысым болгонуна көңүл бурулган жана эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын олку-солкулугуна да ФЕТӨ жооптуу көрүлүүдө.

Вагнер, ФЕТӨнүн корбашчысынын тез арада Түркияга кайтарылып берилиши үчүн да Американын органдарына чакырык салып, «ФЕТӨнүн корбашчысы дипломатиялык чыңалуулардын аркасына жашынбасын»,деген эскертүүсүн кылды.

Гезитте айрыкча, ФЕТӨнүн мектептеринин АКШнын ичиндеги коркунучтуу түзүлүшүнө да көңүл бурган жана уюмдун жумшак билдирүүлөрдүн артына жашынган радикалдык топ экенин белгилеген.



Тектеш кабарлар