TRT World каналы жаңы дем болууну, кабарчылыкка жаңы көз караш киргизүүнү максаттайт

Премьер-министр Бианли Йылдырым, «Медианын Давосу» деп билинген форумдун ачылыш отурумунда сүйлөгөн сөзүндө Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТнын дүйнө жүзүнүн абийири болуусун улантканын айтты.

829620
TRT World каналы жаңы дем болууну, кабарчылыкка жаңы көз караш киргизүүнү максаттайт
ibrahim eren.jpg
bekir bozdag.jpg

Дүйнөгө таанымал ойчул, саясатчы, аймак боюнча адистер жана журналисттерди жолугуштурган «TRT World Forum» башталды.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, «Медианын Давосу» деп билинген форумдун ачылыш отурумунда сүйлөгөн сөзүндө Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТнын дүйнө жүзүнүн абийири болуусун улантканын айтты.

Бинали Йылдырым: «TRT World, туура кабарчылык жасалып кишилерди чындыктар тууралуу кабардар кылуу, үнүн угуза албагандардын үнү болуу боюнча курулду. Башкача айтканда учурдагы медиа түшүнүгүнө каршы чыгып TRT World туулган болду. Кабарчылыкта аябай адилетсиздиктерге дуушар болгон бир өлкөнүн жана саясий кыймылдын мүчөсү катары айтаарым; кабарчылыкта чындыкты жана дагы чындыкты берүү жетиштүү болот»,-деди.

Премьер-министр Йылдырым: «Түркиянын миссиясы, чындыкка кызмат кылуу, карапайым калктын үнү, акылы жана абийири болуу. TRT World муну глобалдык түшүнүктө эң мыкты түрдө жасап жатканына күбө болуудабыз. Тарыхы, маданият мурасы менен кеңири аймакка жайылган туугандык байланыштары менен материктерди бири-бирине бириктирген Түркия, дүйнөнүн абийири катары иш-аракетин кылууда, кылышын да улантат»,-деп айтты.

Европада мигрант жана чет элдикке душмандык агымы акыркы жылдарда саясий аренаны да таасири астына алганын баса белгилеген Йылдырым, Түркиянын болсо камтуучу жана кучактоочу саясат түшүнүгүн жаюусун улантканын айтты.

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг да форумдагы сөзүндө TRT World адамга багытталган маалымат каналы болгонун белгилеп, «TRT World, дүйнөлүк кабарчылыкка жана берүү тармагына жаңы жана башкача көрүнүш жана үн катты. TRT World бир гана жана дагы бир гана чындыкты чагылдырган күзгү абалында»,-деди.

ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен да, форумдун ачылышнда сүйлөгөн сөзүндө жыл сайын өткөрүлө турган «TRT World Forum» журналисттер, академиктер, саясатчылар жана даанышман адамдарды жолугуштуруп эл аралык талкуу платформасына айландырыла турганын белгилеп кетти.

Эрен, ТРТнын англис тилинде эфирге чыккан TRT World  каналынын жаңы дем болууну, кабарчылыкка жаңы көз караш киргизүүнү максаттаганын айтты.



Тектеш кабарлар