Президент Р. Т. Эрдоган Польшага барат

Президент Р. Т. Эрдоган 17 -  октябрь шейшемби күнү Польшага барат.

826872
Президент Р. Т. Эрдоган Польшага барат

Президент Р. Т. Эрдоган 17 -  октябрь шейшемби күнү Польшанын президенти Анджей Дуданын чакыруусу менен Польшага расмий сапар менен барат. Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Польшанын президенти Дуда менен эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушуулар өткөрүлөт. Польшанын премьер  - министри Беата Сидло менен Польша парламентинин эки канатын түзгөн сенат жана Сежм төрагалары менен жолугушат. Сапарда түрдүү тармактарда келишимдерге кол коюлушу да күтүлүүдө. 

Маалыматта Түркиянын 600 жылдан ашуун тарыхый достук карым - катнаштарга ээ болгон жана 2009 - жылдан бери карым - катнаштарды стратегиялык ортоктук деңгээлине алып барган союздашы Польша менен кызматташтыкты ар тармакта өнүктүрүүгө маани бергендигин жана сапардын аймакка пайдалуу болору белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар