Эмине Эрдоган Сербияда балдар үйүнүн ачылышына катышты

Программада Сербиянын президенти Александр Вучичтин жубайы Тамара Джуканович да болду

825098
Эмине Эрдоган Сербияда балдар үйүнүн ачылышына катышты

Президент Режеп Тайип Эрдоганды Сербияга сапарында коштоп жүргөн жубайы Эмине Эрдоган, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан салдырылган Белграддагы Драган Филиппович-ЮСА балдар үйүнүн ачылыш аземине катышты.

Программада Сербиянын президенти Александр Вучичтин жубайы Тамара Джуканович да болду.

Эмине менен Тамара балдар үйүнүн ачылыш лентасын чогуу кесишти жана балдар менен бирге сүрөткө түшүштү.

Эмине Эрдоган андан соң Тамара Джуканович менен 1936-жылдан бери ачык болгон кондитердик дүкөндү кыдырды.

Айрым таттуулардын даамын татып көргөн Эмине Эрдоган менен Джуканович дүкөндүн кызматкерлери менен эстеликке фотосүрөткө түшүштү.



Тектеш кабарлар