Түркияда сириялыктар үчүн долбоор

Түркияда 1 миллион сириялык бала жашайт

821773
Түркияда сириялыктар үчүн долбоор

Улуттук билим берүү министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн жана Европа Биримдигинин фонддору каржылаган «Сириялык балдардын түрк билим берүү системасына интеграциясын колдоо долбоорунун» ачылышы Анкарада өткөрүлдү.

Аземде сөз сүйлөгөн Европа Биримдигинин Түркия делегациясынын жетекчиси элчи Кристиан Бергер, Түркиядагы сириялык баш калкалоочулар үчүн жүргүзүлгөн иштердин таасир берүүчү экенин белгилеп: «Дүйнө жүзү үчүн үлгү болуучу экенин айтуу керек»,-деди.

Бергер: «Бул долбоор дагы бир жолу бизге түрк элинин, баш калкалоочуларга канчалык меймандос мамиле кылганын көрсөтүүдө»,- деп айтты.

650 миллион евролук долбоордун алкагында сириялыктар жыш жашаган 23 областта 2 жылга созула турган иш-чара башталды.



Тектеш кабарлар