Түркия Афринге операция жүргүзөбү?

Президенттиктин басма сөз катчысы маалымат берди

821066
Түркия Афринге операция жүргүзөбү?

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГнин көзөмөлүндөгү Афринге ыктымалдуу операцияга байланыштуу: «Түркия өз коопсуздугу үчүн зарыл деп эсептеген жер жана убакытта чара көрөт»,-деди.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын ТРТ-Хабер каналында күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

Катчы Калын, ыктымалдуу Африн операциясы үчүн: «Түркия өз коопсуздугу үчүн зарыл деп эсептеген жер жана убакытта чара көрөт»,- деп айтты.

АКШнын Стамбулдагы башкы консулдугунда кызмат кылган жергиликтүү кызматкердин тыңчылык кылганы үчүн камакка алынышына да токтолгон Калын: «Ар бир өлкө эл аралык карым-катнаштарында өз кызыкчылыктарын көздөйт»,-деди.

АКШнын Стамбулдагы Башкы консулдук кызматкери Метин Топуз «Конституциялык тартипти жоюуга аракет кылуу», «Мамлекеттин коопсуздугу жана ошондой эле ички же тышкы саясий пайдалары жагынан жашыруун калышы керек болгон маалыматтарды, саясий же аскердик тыңчылык максаты менен камсыз кылуу» жана «Түркия Республикасынын өкмөтүн жоюуга аракет кылуу» кылмыштарынан камакка алынган болчу.



Тектеш кабарлар