Түркия жарандарын эскертти

Түркия Азербайжандын басылып алынган жерлерине саякат кылбоо боюнча эскертти

820054
Түркия жарандарын эскертти

Тышкы иштер министрлиги, түрк жарандарына басылып алынган аймактарга саякат кылбагыла деген эскертүүсүн айтты.

Министрлик 4 түрк атуулунун Түркия жана Азербайжан органдарынан уруксат албастан аймакка саякат кылгандары боюнча эскертүүсүн жарыялады.

Азербайжандын жерлеринин бештен бири көптөгөн жылдардан бери Армениянын көзөмүлүндө турат.

Билдирүүдө Азербайжандын басылып алынган жерлерине Азербайжан органдарынан уруксат албастан баруунун эл аралык мыйзамга терс экени баса белгиленип, бул аймактарда түрк жарандарынын коопсуздугунун консулдук тарабынан камсыздалышынын мүмкүн эмес экени эске салынды.

Билдирүүдө коопсуздуктун себебинен түрк жарандарынын аймакка саякат кылбоолору талап кылынды.



Тектеш кабарлар