Түркия Ирактын Күрт аймагындагы жарандарын чакырды
Учак каттамдары токтогонго чейин чыгып кетүүлөрү талап кылынды
816276
![Түркия Ирактын Күрт аймагындагы жарандарын чакырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5c6f/06cd/b594/59ccedf513a07.jpg?time=1719031029)
Түркия Ирактын Күрт аймагындагы түрк жарандарынан аймактан чыгып кетишин талап кылды.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, түрк жарандарынан учак каттамдары токтотулганга чейин аймактан чыгып кетүүлөрү талап кылынды.
Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугуна киризилген санкциялардын алкагында эртең саат 18.00ден тарта Эрбил жана Сулеймание шаарларынан учак каттамдары эки тараптуу түрдө токтотулат.
Тышкы иштер министрлиги бул процессте, түрк жарандарынын аймактан чыгып кетүүлөрү үчүн ушул багыттагы каттамдардын санын көбөйтүүгө карай иштердин башталганын билдирди.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719031030)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.