Террордук уюм ПККнын кыйроосу...

Коопсуздук күчтөрүнүн ийгиликтүү операциялары менен чоң кыйроого учураган жикчил террор уюму ПККнын дүрбөлөңгө түшүүсү чалгындоо отчетторунда орун алды.

809435
Террордук уюм ПККнын кыйроосу...

Түркиянын коопсуздук күчтөрүнүн ийгиликтүү операциялары менен чоң кыйроого учураган жикчил террор уюму ПККнын дүрбөлөңгө түшүүсү чалгындоо отчетторунда орун алды.

Акыркы 1 айда арасында террордук уюмдун жалган лидер кадрында орун алгандар да болгон 112 террористтин жок кылыншы менен дүрбөлөңгө түшкөн ПКК, көп сандаган жоготууга учураганынын билинип калбашы үчүн кагылышуу аймактарынан жаралууларын жана өлгөндөрүн алып кетип элет жерлерге көмүп жатканы белгиленди.

Уюмдун ок атышууларда набыт болгон террористтери, окуя болгон жерлерден уурдалып барып токойлуу аянттарга көмүлгөнү, чалгындоо бөлүктөрү тарабынан даярдалган отчетто фотосүрөттөр менен далилденди.

Акыркы 3 жылда токойлордо ондогон террористтин көмүлгөнү белгиленди. ПККга мүчө террористтердин көмүлө албагандары же ташылып кете албагандарынын сөөктөрүн да жардан ыргытып жок кылганына орун берген отчетто, террористтердин үй-бүлөлөрүнө да маалымат берилбегени, балдарынын абалын билиш үчүн аларга жеткен үй-бүлөлөрдү болсо «Аларды ээрчибегиле. Унуткула. Андай болбосо сиздин да акыбетиңизди сурашат»,деп өлүм менен коркуткандары түшүндүрүлдү.Отчетто айрыкча Түрк куралдуу күчтөрүнүн операцияларынын натыйжасында чоң кыйроого учуаган террористтердин Ирактын түндүгүндө Кандил аймагындагы жалган лидерлерине жасалма кыймыл жана кол салуу маалыматтарын бергенидери, кыла албаган кыймалдарын кылган сыяктуу көрсөткөндөрү да белгиленди.



Тектеш кабарлар