Ирактын күрт аймактык башкаруусун акыл-эстүү болууга чакырабыз

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын,Президенттик комплексинде маалымат жыйын өткөрдү.

807273
Ирактын күрт аймактык башкаруусун акыл-эстүү болууга чакырабыз

 

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Ирактын күрт аймактык башкаруусун (ИКАБ) 25-сентябрда өткөрүүнү пландаган референдум чечиминен дароо баш тартууга чакырды.

Ибрахим Калын, Президенттик комплексинде өткөргөн маалымат жыйынында ИКАБдагы референдум тууралуу, «Биздин чакырыгыбыз, бул элдик добуш берүү чечиминен дароо баш тартуулары жана Ирактын жеринин бүтүндүгүнүн ичинде Эрбил жана Багдаддын ортосундагы маселелердин чечилишине карай кадамдардын ташталышы болот»,-деди.

Орусиядан С-400 ракеталык коргонуу системаларын алуунун Түркиянын улуттук коопсуздугунун талабы болгонун белгилеген Калын, НАТОнун «Түркиянын өзүнүн чечими» түрүндөгү маалымдоосун ыраазы болуп кабыл алгандарын айтты. Ибрахим Калын эми бул талаштын токтотулушу керектигин белгилеп өттү.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн акыркы мезгилдеги Түркияга каршы мамиле, кыймылдарын да сындаган Калын, ЕБнин өз баалуулуктарынан алыстап баратканына көңүл бурду.

Ибрахим Калын: «Исламофобияны, жикчилдикти, чет элдикке душмандыгын кайсы ЕБнин баалууктары менен теңдей аласыз. Европанын абалы ортодо. Тынымсыз «Түркия ЕБнен алыстап баратат» сыяктуу жамандоочу мамилелери кабыл алынгыс. Булар Европа борборлуу ориенталист мамилелер. Европа күзгүгө карашы керек»,-деп айтты.

Калын, Германиядагы саясатчылардын Түркияга карай айтымдарына токтолуп, ички саясаттын материалы кылып Түркия сыяктуу бир өлкөнү кас кылып алуунун немис саясатынын да, немис мамлекетинин да кызыкчылыгына туура келбей турганын айтты.

Ибрахим Калын: «Буюрса бул шайлоо процессинен кийин немис саясаты кайрадан акыл эстүү кыймыл кылат жана Түркия сыяктуу маанилүү өлкөдөн ажыроо сыяктуу абалга туш болушпайт»,-деп айтты.

Басма сөз катчысы Калын, президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын 19-25-сентябрь күндөрүнүн аралыгында Нью-Йоркто БУУнун башкы ассамблеясынын алкагында жолугушуулары боло турганын кошумчалады.

Калын жолугушуунун күнүн жана саатын белгилеп жаткандарын айтты.



Тектеш кабарлар