Мамлекетти кулатпай кармап калыш үчүн эмне керек болсо жасалат

Президент жана АК Партиянын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Анкара соода палатасынын Конгресиум залында өткөн Шаар башчыларынын жыйналышында сөз сүйлөдү.

806304
Мамлекетти кулатпай кармап калыш үчүн эмне керек болсо жасалат

Президент жана АК Партиянын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, мамлекетти кулатпай кармап калыш үчүн эмне керек болсо жасала турганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Бул мамлекетти кулатпай кармап калыш үчүн эмне керек болсо жасайбыз. Учкучсуз учуучу куралдуу учактар менен болсо дагы, танкалар менен болсо дагы жасайбыз»,-деди.

Эрдоган, Анкара соода палатасынын Конгресиум залында өткөн Шаар башчыларынын жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, «Бизге көп жылдар бою Америка-Израиль учкучсуз учуучу учактарын бербеш үчүн ар түрдүү шылтоолорду айтып келишти. Берген учурларында да булардын оңдоп-майлоо иштери бизге өзүнчө тоскоолдук болду. АКШ, Израиль учкучсуз учуучу учактарын бербеш үчүн ар түрдүү шылтоолорду айтышты. Эми бул өлкө өзүнүн учкучсуз учуучу учактарын жасап чыгара турган болду. Мындан санааркап жатышат. С-400 келишимин түздү дешип ызы-чуу чыгарышууда. Эмне болуш керек эле? Сизди күтүп олтура беребизби? Биз да коопсуздук жагынан чараларыбызды көрүүдөбүз жана көрөбүз»,-деди.

Эрдоган, Түркиянын чек араларынын ичиндеги жана тышындагы операцияларында жарандарды зыянга учуратпоо үчүн аяр мамиле кылган саясатынан баш тартпаган өлкө экенин айтты.

 



Тектеш кабарлар