Эмине Эрдоган жардамдарды таркатты

Эмине Эрдоган : «Баарыбыздын балдарыбыз бар. Биздин балабыз эмес деп көрбөстүккө сала албайбыз".

803729
Эмине Эрдоган жардамдарды таркатты

Президент Р. Т. Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган жана коштоосундагы делегация аракандык мусулмандардын Бангладеште жашап жаткан Кутупалонг лагерин зыярат кылды.

Болгон окуялар тууралуу жапа чеккендердин өзү менен сүйлөшкөн Эмине Эрдоган буларды айтты : «Адам катары таасирленбей коюу мүмкүн эмес. Алла жардамчылары болсун. Буйруса бүткүл дүйнө бул маселеге кайрылып, көңүл бурушар. Чечилиши керек болгон маселе. Бул доордо мындай коркунучтуу окуялардын көз алдында болуп жатышы өкүнүчтүү. Эгерде күнөөсү бар болсо күнөөсү бар кишиге карата жасалышы керек. Бирок элге жасалбашы керек».

Эмине Эрдоган эл аралык коомго чакыруу салып : «Баарыбыздын балдарыбыз бар. Биздин балабыз эмес деп көрбөстүккө сала албайбыз. Мындан баарыбыз жооптуубуз. Бул жерге бул үчүн келдик. Дүйнөлүк коомдук пикирге угузуу үчүн келдик. Жардам берүү үчүн келдик. Баары колунан келгенди аткарсын»,- деди. Делегациядагы тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да Мьянмадагы кыргындан качып лагерге келген Аракан мусулмандарынын жанында экендерин көрсөтүү үчүн Бангладешке келишкендерин белгилеп  буларды айтты : «Бул жердеги кишилердин жанында экендигибизди көрсөтүүнү кааладык. Муну иреттүү түрдө Эл аралык миграция уюму менен бирге улантабыз. Айрыкча бангладештик досторубузга да бул кабарды бергибиз келет: бул кишилерге бирдикте жардам берели.

Бул жерден бүткүл дүйнөгө бул жердеги абалды көрсөтүүнү каалап жатабыз. Бир гана көрсөтүү эле жетпейт. Аракеттерибиз улантылууда. Президентибиздин башынан бери жүргүзүп келе жаткан аракеттеринен эми жыйынтыктын чыгышын каалайбыз. Астанада ислам дүйнөсүнөн келген лидерлер менен жыйын өткөрөбүз. Андан кийин Нью – Йоркто кеңейтилген жыйын өткөрүп, Аракан маселесине туруктуу жол табууну каалап жатабыз».

Мьянма мекемелери менен да  байланышка өтүшкөндөрүн белгилеген Чавушоглу : «Президент Эрдоган Мьянманын мамлекет башчысы менен сүйлөштү. Аракандык мусулмандарга карата кол салууну токтотуу керектигин айттык. Бизге колдорунан келгенди аткарышкандарын айтышты. Бирок биз көргөн кээ фотографиялар жана көрүнүштөрдү көрбөстүккө салышууда. Бирок бул маселени бирдикте чечүүбүз керек»,- деди.

Ошол эле учурда президент Р. Т. Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган аракандык мусулмандардын абалын көрүү үчүн барган Бангладеште премьер – министр Шейх Хасина Вежид менен жолугушту.

Жолугушууда Түркиянын аракандык мусулмандарга жардамдары менен бирге Бангладеште сел апаатына учураган аймактарга бериле турган жардамдар сөз болду. Делегация  жолугушуудан кийин Даккадан кетти.



Тектеш кабарлар