Р.Т. Эрдогандын Аракан үчүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү

Президент Эрдоган Курман Мьянмада болуп жаткан адамзаттык кризисти чечүүга карата аракеттерди күчтөндүрүүгө чакырды.

799421
Р.Т. Эрдогандын Аракан үчүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү

Президент Эрдоган Курман айт майрамынан улам ислам өлкөлөрүнүн лидерлери менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө Мьянмада болуп жаткан адамзаттык кризисти чечүүгө карата аракеттерди күчтөндүрүүгө чакырды.

Президент Р. Т. Эрдоган Мовританиянын мамлекет башчысы Мухаммед Велед Абдулазиз, Пакистандын мамлекет башчысы Мемнун Хүсейин, Ирандын мамлекет башчысы Хасан Рухани жана Катардын эмири Шейх Темими бин Хамад Ал Сани менен телефондо сүйлөштү.

Курман айт майрамынын ислам ааламы башта болуп бүткүл адамзатка жакшылыктарды алып келишин каалаган президент Эрдоган Сирия, Ирак, Йемен, Палестина жана Ливияда болуп жаткан маселелердин мусулмандардын майрамдык кубанычына көлөкө түшүргөндүгүнө көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган Мьянмада мусулмандарга карата күчтүн ислам дүйнөсүн тереңден санааркаткандыгын белгиледи.

Президент Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн улантылары билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар