Президент Эрдогандын майрамдык куттуктоосу

Президент Р. Т. Эрдоган Курман айт майрамынан улам куттуктоо жарыялады.

799265
Президент Эрдогандын майрамдык куттуктоосу

Президент Р. Т. Эрдоган  террордук уюмдарга да аларды колдонгондорго да түрк улутунун эч качан моюн сунбай тургандыгын айтты. Президент Р. Т. Эрдоган Курман айт майрамынан улам куттуктоо жарыялады.

Эрдоган жарыялаган куттуктоосунда жарандарды Курман айт майрамы менен куттуктап, майрамдын үй  - бүлөлөргө, улутка, ислам ааламына жана бардык адамзатка кайрымдуулукту алып келишин, кыйынчылытардын ашылуусуна себеп болушун каалады. Эрдоган куттуктоосунда террор менен күрөшүүгө токтолуп : «Террордук уюмдарга да, аларды колдонгон караңгы күчтөргө да улуу улутубуздун эч качан моюн сунбай тургандыгын билебиз. Биз, демократиябыз менен экономикабыз менен тышкы саясатыбыз менен өлкөбүздү өнүккөн цивилизациялар деңгээлине чыгарганга чейин жолубузду чечкиндүүлүк менен улантабыз»,- деди.

Курман айт майрамынын бул жылы 26 -  август жана 30 -  август сыяктуу эки маанилүү күндөн кийин майрамдалгандыгына көңүлдөрдү бурган Эрдоган куттуктоосун төмөнкүчө улантты : «1071 -  жылы 26 -  Малазгитр согушу менен Анадолуну бизге түбөлүк мекен кылып берген Султан Алпарстанды жана аскерлерин урмат – сый менен эскерүүдөбүз. 1922 -  жылы 30 -  августта Думлупынарда жетишкен жеңиш Боштондук согушубуздун ийгиликтүү аякташынын сүйүнчүсү болду. 2016 -  жылы 15 -  июлду да улутубуздун жеңиш алкактарынын бири катары көрүүдөбүз»,- деди.

2023 -  жылдын максаттарын да белгилеген президент Эрдоган : «2023 -  жылдагы максаттарыбыздын негизинде өлкөбүздү дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын бирөөсү кылуу: улутубузду убада кылган бейкуттук жана тынчтык деңгээлине жеткиребиз. Эң негизгиси бир бололу, ири бололу, бир тууган бололу, бирдикте Түркия бололу»,- деди.

Президент Эрдоган куттуктоосунда Араканда зулумчулук көргөн мусулмандар үчүн мубарек күндөрдө дуа кылууну унутпоо керектигин айтты.

 

 



Тектеш кабарлар