Түркия Ирактагы ДЕАШ кол салуусун айыптады
Түркия ДЕАШ террордук уюм тарабынан Ирактын борбор шаары Багдатта жасалган кыргынды айыптады.
798242
![Түркия Ирактагы ДЕАШ кол салуусун айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/bdf8/9655/3199/59a165a4ccd65.jpg?time=1718779625)
Түркия ДЕАШ террордук уюм тарабынан Ирактын борбор шаары Багдатта жасалган кыргынды айыптады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Багдатта болгон жана ДЕАШ террордук уюм тарабынан жасалган бомбалуу кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда эң аз 12 ирактыктын каза болгондугун жана көп сандаган кишинин жаралангандыгы билдирилди.
Маалыматта : «Бул кол салууну айыптайбыз. Дос жана бир тууган Ирак калкына көңүл айтып, жаралангандардын тез айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718779626)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.