Ушул убакка дейре эч бир шейитибиздин каны жерде калган жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда Жандармерия жана коопсуздук уюмдарына мотоцикл тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

796905
Ушул убакка дейре эч бир шейитибиздин каны жерде калган жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ушул убакка дейре эч бир шейиттин каны жерде калбаганын айтты.

Эрдоган Стамбулда Жандармерия жана коопсуздук уюмдарына мотоцикл тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган: «Ушул күнгө дейре эч бир шейитибиздин канын жерде калтырган жокпуз. Террористтерге эсеси менен жооп бердик, берип жатабыз. Ийиндерине кирдик, кирүүдөбүз. Кирүүнү да улантабыз»,-деди.

Президент Эрдоган: «Бул принциптерден эч качан баш тартпайбыз. Алар эмне? Бир улут, бир желек, бир мекен, бир мамлекет. Бул төрт элемент биз үчүн абдан маанилүү, эч качан мындан баш тартпайбыз. Бул жагынан алганда улутубузду бөлдүртпөйбүз да желегибизге кош чүпөрөктөрдү илүүгө аракет кылгандарга мүмкүнчүлүк бербейбиз, мекенибизди бөлдүрбөйбүз жана мамлекеттин ичинде мамлекет курууга уруксат бербейбиз. Ошон үчүн чечкиндүүбүз, иштейбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар