Эрдогандын Малазгирт жеңишине карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 26-Август Малазгирт жеңишинин 946 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

796836
Эрдогандын Малазгирт жеңишине карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, бул жерлерди мекен кылыш үчүн аталардын жанын аябай бедел төлөшү Республиканын эң чоң кепилдиги болгонун айтты.

Президенттик маалымат борборунун маалыматына караганда президент Режеп Таййип Эрдоган, 26-Август Малазгирт жеңишинин 946 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

«Түрк улутуна Анадолунун каалгаларын ачкан, бул ыйык жерлерде биримдик, ынтымак жана туугандыкка таянган жаңы түшүнүктүн эгемендик кылышын камсыздаган» Малазгирт жеңиши менен куттуктаган Эрдоган: «Малазгирт жеңишинен кийин Анадолуну колго алган аталарыбыз, кылымдар бою улана турган маданият жүрүшүбүздүн эң сонун ишке ашырууларын, эң көркөмдүү чыгармаларын ортого салышты»,-деп жарыялады.

Эрдоган билдирүүсүндө буларга токтолду: «Арадан өткөн көптөгөн кылымдар бою Малазгирт руху, азиз улутума ар дайым илхом булагы болду. Адилеттүү жана кечиримдүү башкаруу түшүнүгү менен тарыхка өткөн Султан Алпарсландын жол башчылыгында 1071-жылы Анадолунун жерлерине эгилген үрөндөр 7 климат 4 материкти каптады. Азиз улутубуздун даңазасы, намысы, ийгиликтерине толгон тарыхында жаңы мезилдин каалгаларын ачкан Малазгирт жеңишине ээ болушун камсыздаган орток идеяларыбыз жана ынтымагыбыз, Республикабыздын курулган убагында да эң чоң жол көрсөтүүчүбүз болду. Бүгүн да Малазгирт жеңишинен алган илхом менен мамлекет жана улут катары чоң, күчтүү, өнүккөн келечегибизди куруунун аракетиндебиз. Ушул ойлор менен Малазгирт жеңишинин 946 жылдык мааракесинде улуу командир Султан Алпарсланды жана азиз шейиттерибизди ардактап эскеремин, бүткүл атуулдарыма чын жүрөктөн салам жолдоймун».



Тектеш кабарлар