Сирияда жасалма террордук мамлекеттин курулуусуна эч качан уруксат берилбейт

Президент Режеп Таййип Эрдоган Президенттик комплексинде Айыл өкмөт башчыларынын 39-жыйналышына катышты.

794748
Сирияда жасалма террордук мамлекеттин курулуусуна эч качан уруксат берилбейт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда жасалма террордук мамлекеттин курулуусуна эч качан уруксат берилбей турганын белгилеп өттү.

Эрдоган Президенттик комплексинде Айыл өкмөт башчыларынын 39-жыйналышына катышты.

Президент Эрдоган: «Сирияда курулгусу келип жаткан террор мамлекетинин жолун торой турган тактикабызды кылып «Евфрат калканы» кыймылын (2016-жылдын 24-августунан 2017-жылдын 30-мартына чейин)  аткардык. Террор уюму ПЙД/ЙПГга жасалма мамлекет курдурбайбыз. Айрымдары Күрт мамлекети деп атышат, мен буларды күрт туугандарыма акаарат катары кабыл аламын. Сирияда башка бир мамлекетке эч качан уруксат бербейбиз. Бул мекенди (Түркия) бөлүүгө аракет кылгандарга биз ар тарапты мүрзө кылабыз»,-деди.

Эрдоган: «Учурда Сириянын түндүгүндө эки миң чарчы километрдик аянт биздин көзөмөлүбүздө. Жераблуска, Раиге, Эл Бабга түштүк. Ал жердеги эки миң чарчы километрдик аянтты көзөмөлгө алдык. Алардын максаттары Жер Ортолук деңизге түшүү болчу. Жудиде, Тендүректе, Кандилде, Габарда эмне кылып жатсак бардык жерде, буларды кайдан көрсөк ошону аларга да кылабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар