Мусулмандар өз араларындагы кызматташтык механизмдерин күчтөндүрүүлөрү керек

Расмий сапар менен кечээ Иорданияга барган Эрдоган менен Иорданиянын падышасы 2-Абдуллахтын «Эл-Хүсейние» сарайында өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушуулары өттү.

794248
Мусулмандар өз араларындагы кызматташтык механизмдерин күчтөндүрүүлөрү керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган, мусулмандар колдошууларын дагы сезимтал түрдө улантуулары үчүн өз араларындагы кызматташтык механизмдерин күчтөндүрүүлөрү керектигин айтты.

Расмий сапар менен кечээ Иорданияга барган Эрдоган менен Иорданиянын падышасы 2-Абдуллахтын «Эл-Хүсейние» сарайында өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушуулары өттү.

Делегациялар аралык жолугушуулардын медиага жабык өткөн бөлүмүндө президент Эрдоган, 9 жылдык мөөнөттөн кийин Иорданияга келгендиги үчүн ыраазы болгонун айтып, өзүнө жана делегациясына көрсөтүлгөн сыйкорлукка ырахматын айтты.

«Тууганым Абдуллах падышага сыйлуу чакыруусу үчүн айрыкча өзүм жана өлкөмдүн атынан ырахмат айтамын»,-деп айткан Эрдоган, 2017-жылдын эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 70 жылдыгы экенин белгилеп өттү.

Президен Эрдоган, бул мааракенин эки өлкөгө пайда алып келишин каалап, «Ушул себеп менен иорданиялык туугандарыбызга 2016-жылдын 15-июлунда болгон төңкөрүш аракети убагында көрсөткөн колдошуусу үчүн өзүм жана өлкөмдүн атынан ырахматымды айтамын»,-деди.

Мамлекет жана улут катары иорданиялыктарды ар дайым колдогондорун жана колдой тургандарын айткан президент Эрдоган, сөздөрүн мындай улады: «Урматтуу тууганымдын баарынан мурда Палестина темасындагы сезимталдыгын абдан жакшы билемин. Иорданиянын Иерусалимде мусулмандарга таандык ыйык жерлердин корголушуна карата ролун колдообузду улантабыз. Өткөн айда Хареми Шерифте болгондой кол салуулардын жана укук бузуулардын кайталанбоосу үчүн чогуу иш алып барууну улантабыз. Ислам дүйнөсү аймак катары чындап эле оор күндөрдү өткөрүп жатабыз. Келечегибиз формаланган бул орчундуу мезгилде мусулмандар катары колдошуубузду аймакта дагы сезимтал түрдө улантышыбыз керек. Мунун жолу болсо кеңешүүлөрүбүздү көбөйтүү, арабыздагы кызматташтык механизмдерин күчтөндүрүүдөн өтөт. Бүгүнкү жыйналыштын керек болсо өз алдынча, керек болсо делегациялар аралык түшүнүктө абдан пайдалуу болооруна ишенемин».

Эрдоган андан соң Иорданиянын падышасы 2-Абдуллах тарабынан урматына берилген расмий кечки тамагына катышты. Иорданиянын өкүлдөр палатасынын төрагасы Атеф Таравнеф менен Сенат төрагасы Файсал Ал Файезди кабыл алды.

Өлкө башчы Эрдоган атайын учак «ANA» менен саат 18:30да Иорданиянын борбор калаасы Аммандан учуп кетти.



Тектеш кабарлар