Терроризмге каршы күрөшүү

Террористтерге каршы операциялар уланып жатат

793705
Терроризмге каршы күрөшүү

Ички иштер министрлиги, өлкөнүн ичиндеги операциялар туурасында маалымат берди.

Акыркы бир жуманын ичинде жүргүзүлгөн 1 миң 176 операцияда террордук уюмга жардам көрсөткөн 302 киши камакка алынып, 27 террорист кармалды.

Ошондой эле Хаккари, Бингөл, Токат, Ван жана Диярбакырда террористтер тарабынан колдонулган 12 баш калкалоочу жай жок кылынды.

Операцияларда террористтерге таандык ракета аткычтар, оор куралдар, көп сандаган ок-дары жана колго жасалган жарылуучу заттар табылды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Фетуллахчы террор уюмуна каршы күрөшүүнүн алкагында да уюм менен байланышы болгондугу аныкталган 616 киши камакка алынды.



Тектеш кабарлар