Сооронбай Жээнбеков Анкарада

Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолукту

786012
Сооронбай Жээнбеков Анкарада

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Анкарага келди. 

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Чанкая резиденциясында жолугушту.

Жабык эшик артында өткөн сүйлөшүү 1 саатка созулду.

Эки лидер Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык байланыштардын өнүктүрүлүшү жана соода көлөмүнүн көбөйтүлүшүнө карата кадамдар жөнүндө пикир алмашышты.

Андан соң делегациялар аралык жолугушуулар өткөрүлдү.

Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар жана аймактык маселелер кеңири каралды.

Жээнбеков эртең да улана турган сапары убагында, Стамбул шаарындагы «Манас» айкелинин ачылыш аземине катышат.



Тектеш кабарлар