Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Анкарада

Энсари эки күн мурда Москвада кээ бир орус жетекчилер менен Сирия жана аймактагы абалдарды сүйлөшкөн.

783248
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Анкарада

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары жана Ирандын Астана процессинин жогорку мартабалуу сүйлөшүүчүсү Хүсейин Жабири Энсари борбор шаар Анкарада. Энсари  түрк делегациясы менен аймактагы акыркы абалдар жана Сирия тема болгон эл аралык Астана тынчтык сүйлөшүүлөрү процессине байланыштуу кеңешүү үчүн бүгүн эрте менен Анкарага келди. 

ЭнсариТүркия сапарын Орусиядагы жолугушууларынан кийин өткөрдү. Министрдин орун басары Энсари эки күн мурда Москвада кээ бир орус жетекчилер менен Сирия жана аймактагы абалдарды сүйлөшкөн. 

Орусия Түркия жана Иран Астана процессинде кепил үч өлкө болуп, бул процесстин жаңы айлампасын Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүшөт. Астана процесси президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путиндин декабрь айынын ортосунда өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө сириялык тараптарды жолугуштура турган жыйынды Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүү тууралуу бирдей пикирге баруусу менен башталган. 

 

 



Тектеш кабарлар