Гөбеклитепе дүйнөлүк мурас тизмесине талапкер

Шанлыурфанын жакындарындагы Гөбеклитепеде 54 жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан казуу иштеринин алдыбыздагы жылы UNESCO талапкерлигине чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

774438
Гөбеклитепе дүйнөлүк мурас тизмесине талапкер
Göbeklitepe

Түркиянын келерки жылкы дүйнөлүк мураска талапкери Гөбеклитепе археологиялык аянты болот. Жер жүзүнүн билинген эң эски аянты болгон Гөбеклитепе  UNESCOнун “дүйнөлүк мурас тизмесине» Түркиядан кирген он сегизинчи жер болот.

Шанлыурфанын жакындарындагы Гөбеклитепеде 54 жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан казуу иштеринин алдыбыздагы жылы UNESCO талапкерлигине чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

Археологиялык аянттын таанытылышы жана өнүктүрүлүшү үчүн 15 миллион долларлык инвестиция планы даярдалды.

Биринчи жолу 1963 -  жылы Стамбул жана Чикаго университеттеринин изилдөөсү учурунда байкалган Гөбеклитепе археологиялык  аянтында ушул күнгө чейин жапайы жаныбар жана адам фигурасындагы балбал таштар, храм калдыктары менен 12 миң жыл мурункусуна таандык экендиги белгиленген адам айкелдери ачыкка чыгарылды.

 



Тектеш кабарлар